Жер башка планеталыктардын көзү менен. 10 миң сүрөттөн жаралган модель

Илимпоздор Жердин спутниктин жардамы менен тартылган 10 миң сүрөтүн колдонушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар Жерди башка планетада туруп изилдөө учурунда көрүнө турган моделинин сүрөтүн жарыялашты. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Ал моделден астрономдор эчендеген алыстыктагы планетадан Жерди телескоп менен караганда эмне көрүнгөнүн билүүгө болот.

NASA Айдын бети кургап жатканын айтты
​Корнелл университетинин окумуштулары менен NASA адистери Deep Space Climate Observatory спутнигинин жардамы менен 2016-2017-жылдары тартылган жердин 10 миң сүрөтүн колдонушкан.

Мындай ыкма экзопланетанын (Күн системасынан тышкары жайгашкан планета) сүрөтүн даана көрүүгө шарт түзбөйт, бирок анда океан, булут жана муз чокулары бар экенин, ошондой эле адамдын жашоосу үчүн шарт бар экенин айгинелейт.