Таңга жуук Нарында жер титиреди

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Бишкекте үч унаа кагышып, адамдар жабыркады. Сүрөт
Маалыматка ылайык, жер 19-августта таңкы саат 5.37де силкинген.

Ак-Талаа районунун Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 балл, Баетов, Ак-Бейит, Терек айылдарында 2,5 балл болуп сезилген. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.