Елизавета II келини Меган Марклга дагы эскертүү берди

Маркл эми өзү жактырган джинсылар менен кошо такасы бийик бут кийимдерин кие албайт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын канышасы Елизавета II Сассекс герцогинясы Меган Марклга тытылган джинсы кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Ханзаада Гарринин достору Меган Маркл менен дасторконго отуруудан баш тартышты
Маалыматка караганда, каныша Елизавета II ханзада Гарри менен анын жубайы Балморал сарайына келгенде дресс-кодду сакташы керектигин эскерткен.

Эми Маркл өзү жактырган джинсылар менен кошо такасы бийик бут кийимдерин да кие албайт.

Хан сарайдагы ишенимдүү кишинин айтымында, герцогиняга Балморал сарайына келгенде шотландиялык дизайнерлердин кийимин кийүү сунушталды. Ал эми чиркөөгө барганда элдин көңүлүн бурбай турган кийимдерди тандашы керектиги айтылды.

Буга чейин ханзада Гарринин достору Меган Маркл этикет эрежелерин сактабагандыгы үчүн аны менен бир дасторкондо отуруудан баш тартышкан.