БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Екатеринбургда 2012-жылы жоголуп кеткен кыргызстандык кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, август айынын башында Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 1987-жылы туулган А.А. аттуу кыргызстандык жаран дайынсыз жоголгону боюнча маалымат түшкөн.
Туугандарынын айтымында, А.А. 2012-жылдын башында Екатеринбургга иш издеп барган. Акыркы жолу жакындары менен 2012-жылдын 2-июлунда байланышка чыгып, ошондон бери дайынсыз болуп кеткен.
"Кишини өз алдынча издөө иштеринен майнап чыккан эмес. Туугандары кайрылгандан кийин аларга Россиянын аймагында издөө иштерин аткаруу тартиби боюнча маалымат берилди. Мындан улам алар Екатеринбургдун полициясына арыз жазышкан", — деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү иш аракеттерден кийин изделип жаткан кишинин сөөгү табылып, сүрөт аркылуу таануу процедурасы жүргүзүлгөн. Алынган маалыматтар боюнча киши 2012-жылдын 18-июлунда жол кырсыгына кабылып каза тапкан. Кийин "таанылбаган сөөк" катары көмүлгөн.
Учурда туугандарына тийиштүү документтердин бардыгы берилди. Эми эксгумация жана Жүк-200дү мекенге жеткирүү маселеси чечилип жатат.