Димаштын жаңы ырына клип. Видео

Россиялык композитор Игорь Крутой "Браво, Димаш, браво, Алан!!!" деген пикирин жазды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин ырына клип тартуу учурундагы видеосу Instagram баракчасына жарыяланды. Атайын топ клип тартуу үчүн Исландияга учуп барышкан.

"Команданын бардык мүчөлөрү суу болду, бирок бардыгы сонун. Режиссёр Алан Бадоевге ыраазычылыгымды билдирем. Ал видеону башкалардай эмес чыныгы художник катары тартат", — деп Димаш социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Россиялык композитор Игорь Крутой "Браво, Димаш, браво, Алан!!!" деген пикирин жазды.

Буга чейин Димаш Франция менен Исландияга бара турганын айткан. Андан сырткары, угармандарына "Бил" (Know) аттуу чыгармасына клип тарта турганын билдирген болчу.