БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы борбордогу №47 абакты тинтип, тыюу салынган буюмдарды алып чыкты. Бул туурасында аталган мекемеден кабарлашты.
Иш-чара 17-августта жүргүзүлүп, төмөнкүдөй заттар алынган:
- Уюлдук телефон — 16 даана;
- Акча каражаты — 2714 сом;
- Чөнтөк телефондун батарейкасы — 11 даана;
- Телефон кубаттагыч — 41 даана;
- Сим карта — 10 даана;
- Кулакчын — 26 даана;
- Брага — 2 литр;
- Металл сейф — 2 даана;
- Килем — 23 даана;
- Балка — 4 даана;
- Оюн карталары — 10 даана;
- Колго жасалган плита — 6 даана;
- Спираль — 1 даана;
- Бензин — жарым литр;
- Болгарка — 1 даана;
- Атыр — 6 даана;
- Wi-Fi — 1 даана;
- Аркан — 10 метр;
- Спорттук шаймандар — 12 даана;
- Кол араа — 2 даана;
- Электр араасы — 1 даана;
- Power Bank — 1 даана;
- Саюучу-кесүүчү буюмдар — 114 даана;
- Башка буюмдар — 81 даана.
Ошондой эле негизги тосмодон тышкары дагы 15 метр жер текшерилип, шектүү эч нерсе табылган эмес.