Америкада чагылган тийген адам аман калды. Видео

Чагылган тийген адам оор жаракат алган эмес.
Sputnik

АКШнын Түштүк Каролина штатынын тургунуна чагылган тийип, аман калды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Аталган окуя имараттардын бирине коюлган видео байкоого тартылып калган. Андан жамгырда кол чатыр кармап бара жаткан кишинин жанына чагылган түшүп, бутуна чала-бучук тийгенин көрүүгө болот.

Кийинчерээк ал жаракат албаганын, болгону бир аз чочуп калганын билдирген.