Радио

Шакиров: "Көчмөндөр модасы" фестивалына бардык каалоочулар бара алат

Nomad fashion Issyk-Kul — 2019 долбоорунун башкы режиссеру Жыргалбек Шакиров аталган фестиваль биринчи жолу Кыргызстанда уюштурулуп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Шакиров: "Көчмөндөр модасы" фестивалына бардык каалоочулар бара алат

Көчмөндөр модасы фестивалын көргөнгө бардык каалоочулар бара алат. Билеттер почта түйүндөрүндө сатылууда. Бул тууралуу Жыргалбек Шакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган фестиваль 20-21-август күндөрү Ысык-Көлдөгү Nomad-Dordoi амфитеатрында өтөт.

"Фестиваль алгачкы жолу уюштурулууда. Максаты көчмөн элинин кийинүү маданиятын тереңден таанып-билүү, жайылтуу болуп саналат. Негизги көчмөн калкы катары бул жөрөлгө бизден башталса деп, ушундай долбоор уюштуруп жатабыз. Ага Япония, Корея жана башка көптөгөн түбү көчмөн элдердин дизайнерлери катышат. Кыргызстандан жалпысынан 35 уздун катышуусу пландалууда. Аталган иш-чара эки күнгө созулуп, биринчи күнү жаңы чыгып жаткан жаш дизайнерлердин эмгеги тартууланат. Эртеси көрүүчүлөр дасыккан, атактуу уздардын чеберчиликтерине күбө боло алышат", — деди Шакиров.

Режиссер бул фестиваль чоң шоу-концерт менен коштолорун кошумчалады.