Төө, топоз, ат минген артисттер Ош шаарын аралашты. Сүрөттөр

Туристтик фестиваль "Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык иш-чарасынын алкагында өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ош шаарында "Ош Фест — 2019" туристтик фестивалынын алкагында беш улуттун өкүлдөрү Жибек Жолу кербени менен өттү.

Кербен жүрүш 17-августта болуп, "Сулайман-Тоонун" жака белиндеги Гапар Айтиев жана Курманжан Датка көчөлөрү менен өтүп, "Алымбек Датка" этнографиялык комплексине чейин келишкен. Жүрүшкө артисттер, актёрлор жөө-жалаңдап, ат, төө, топоз минип чыгышкан.

Кербендин катышуучуларын калаа мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов, ПРООНдун өкүлдөрү, "Дестинация Ош" уюмунун жетекчилери жана башка туристтик уюмдардын өкүлдөрү тосуп алды.

Аталган фестиваль "Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүп, улуттук тамак-аш жана каада-салттар көрсөтүлгөн. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулган.