Радио

Акматова: орус тилдүү мектептерге мугалим табуу кыйын болуп жатат

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова борбор калаадагы билим берүү мекемелери 2019-2020-окуу жылына даяр экенин айтты.
Sputnik
Акматова: орус тилдүү мектептерге мугалим табуу кыйын болуп жатат

Учурда орус тилдүү мектептерде мугалимдер жетишсиз болууда. Бул тууралуу Гүлмира Акматова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЖОЖдордун көбү кыргыз тилдүү мугалимдерди даярдап чыгарууда.

"Биздин эң көйгөйлүү маселелердин бири — Бишкек шаарындагы мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги. Өзгөчө орус тилдүү мектептерге мугалим табууда кыйынчылык жаралууда. ЖОЖдордун көбү кыргыз тилдүү мугалимдерди даярдап жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү орус тилдүү мектептерде иштегенден баш тартат. Менимче, университетти аяктагандан кийин мугалимдер кыргыз тилинде да, орус тилинде да сабак өтө алышы керек", — деди Акматова.

Ал ошондой эле айрым мугалимдер Россияга иштегени кетип же жеке менчик мектептерге которулуп жатканын кошумчалады.