Радио

Табалдыев: көптөгөн кара каракчылар тарыхый эстеликтерди башка өлкөгө сатууда

Археолог, тарыхчы, КТМУнун профессору Кубатбек Табалдыев эл тарыхый эстеликтердин маанисин билип, алар тууралуу кабары болушу керектигин айтты.
Sputnik
Табалдыев: көптөгөн кара каракчылар тарыхый эстеликтерди башка өлкөгө сатууда

Мыйзамсыз иштеп жаткан кара каракчыларды Кыргызстанга жолотпош керек. Мындай пикирин Кубатбек Табалдыев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көптөгөн кара каракчылар Кыргызстандагы эстеликтерди башка өлкөгө сатып жатат.

"Биз менен удаа эле документи жок, мыйзамсыз түрдө жер казып иштеп жаткан археологдор бир топ. Мындай кара каракчыларды өлкөгө жолотпош керек. Буга чейин буюмдарды жасалма документ аркылуу чет өлкөгө алып чыгып саткан бир канча фактылар кездешти. Тилекке каршы, бул көйгөй дагы деле уланууда. Канчалаган кара каракчылар Кыргызстандын бардык жерин жойлоп, биздин эстеликтерди башка өлкөлөргө сатып жатышат. Жерибиз тонолуп жатат. Жер казып жаткан археологдорду жөнөкөй айыл тургундары деле көргөн учурда алардын документин сурап, эгер жок болсо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө же милицияга кайрылса мекени үчүн пайда алып келген болот эле", — деди Табалдыев.

Ал ошондой эле өзүнүн Улуттук илимдер академиясы тарабынан берилген уруксат кагазы бар экенин кошумчалады.