80 жаштагы кемпир жоголду. Туугандары жардам сурашууда

Ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кантта 80 жаштагы Лилия Чернева изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине туугандары кабарлашты. 

80 жаштагы кемпир жоголду. Туугандары жардам сурашууда

Ал 13-августта үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бою 170 сантиметр, моюнунда тырыгы бар, чачын ак баскан, көздөрү жашыл. Үстүнө көк түстөгү кофта, башына ак шляпа, бутуна кара сланцы кийген. Аны шаардык милиция издеп жатат.

Лилия Черневаны көргөн-билгендер болсо (0555) 58-94-43, (0505) 98-00-38 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюңуздар.