Бишкекте үч унаа кагышып, адамдар жабыркады. Сүрөт

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочулардын бири каршы тилкеге чыга калган.
Sputnik

БИШКЕК, 18 авг — Sputnik. Бишкекте үч автоунаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, унаалар 18-август күнү, саат 22.00дөр чамасында Щербаков менен Профессор Зимы көчөлөрүнүн кесилишинде кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочулардын бири каршы тилкеге чыга калган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан жерине инспекторлор кеткенин маалымдашты.

Белгилүү болгондой, кырсыктын кесепетинен бир нече адам ооруканага жаткырылды. Алар кандай жаракат алганы азырынча белгисиз.