БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкектеги Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде жерде отурган аялдын видеосу тарады.
Окуянын видеосу "Бишкек сегодня" Телеграмм тайпасына чыкты. Видеодо көчөлөрдүн кесилишинде жерде отурган аялды көрүүгө болот. Тасма саат 15:00дөр чамасында тартылган.
Биринчи Май РИИБи окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жибериле турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. Алар аялды коопсуз жерге алып чыгышат.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram жана WhatsApp каналдарына +996 706 566 544 номери аркылуу жиберсеңиз болот.