Депутат Турусбеков менен экс-премьер Сариев Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Сүрөттөр

Мелдешке 22 адам катышып, анын 17си финишке чейин ийгиликтүү жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө сууда сүзүү боюнча өткөн Issyk-Kul Swim Challenge мелдешинде Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков жана анын уулу Эмил Турусбеков биринчилерден болуп келди. Бул туурасында жарышты уюштурган Nomad коомдук спорт бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова билдирди.

Аталган жарыштын катышуучулары Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги Кара-Талаа айылынан баштап күнгөй жээгиндеги Тору-Айгыр айылына чейин 14 чакырым аралыкты сүзүп өтүшкөн.

Эң биринчи болуп депутаттын уулу Эмил Турусбеков 4 саат 48 мүнөттө келген. Анын артынан эле атасы Бактыбек Турусбеков 5 саат 01 мүнөттө финишке жеткен. Ал эми Россиядан келген Мурад Закиров көлдү 5 саат 08 мүнөттө сүзүп өтүп, үчүнчү орунду ээлеген. Спорттук мелдешке мурдагы премьер-министр Темир Сариев да катышкан. Ал 6 саат 27 мүнөттө маарага келип, 11-орунга ээ болду.

"Коопсуздукту сактоо үчүн ар бир сүзүүчүнүн жанында суучулдар коштоп жүрдү. Былтыр катышуучулардын саны өтө аз болгон, быйыл болсо Казакстандан, Россиядан да келишип, жалпы 22 киши катышты. Анын ичинен 17си финишке чейин ийгиликтүү жетти. Калганы нормативдик убакытта (8 саат) аягына чейин сүзүп келе албагандыктан мелдештен четтетилген", — деди Моношбекова.

Мындай спорттук иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси быйыл үчүнчү ирет уюштурууда.

Белгилей кетсек, депутат Бактыбек Турусбеков былтыр да ушул иш-чарага катышкан.