БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов мурунку өкмөт башчынын абалы тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, Исаков саламаттыгы начарлап 16-август күнү УКМКнын тергөө абагынан Улуттук госпиталга жеткирилген.
"Сапар Исаковдун абалы кечээкиден өзгөргөн жок. Өзүн начар сезип жатат. Азырынча бир нерсени так айтуу эрте. Дарыгерлер текшерип жатышат. Оорусунун себеби аныкталгандан кийин кандайча дарылана турганы аныкталат. Мурунку премьер-министр ден соолугу боюнча ооз ачкан жок", — деди Токтакунов.
Адвокат Сапар Исаковго келген жубайы көрүшүү үчүн кире албай калышын да түшүндүрүп берди.
Сапар Исаковго "омуртка артериясынын синдрому" деген диагноз коюлган. Ушу тапта ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө жатат.
Белгилей кетсек, Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.