Самолет менен учкандан коркосузбу? Психологдон кеңеш

Адис коркуу сезими көп учурда кинодон же ЖМКлардан авиакырсыктарды көрүп, кооптонуп калуудан келип чыгарын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Самолет менен учкандан корккон адамдар өзүн алаксытуу үчүн тамак жеп, музыка угуп же болбосо китеп окубай эле койгону туура. Бул туурасында "Известия" москвалык психолог Никит Черновго шилтеме берип жазды.

Адис учкандан корккондор көбүнчө жооткото турчу дарыларды иче турганын билдирген. Бирок андай ыкма дайыма эле жардам бере бербейт. Мындан улам психолог адамдарды тынчсызданбоого чакырган.

"Адам тынч абалда турса коркуу сезими билинбейт жана өз көзү менен баары жайында экендигине ынанат", — деген Чернов.

Дарыгердин айтымында, аэрофобияга кабылбоо үчүн самолеттун түзүлүшү жана учактын принциптерин билип алган да ашыктык кылбайт.

Адис коркуу сезими көп учурда кинодон же ЖМКлардан авиакырсыктарды көрүп, кооптонуп калуудан келип чыгарын белгилеген.