Ош шаарынын тургундары эми таза суу көйгөйүнө кабылбайт

16-августта Ош шаарында көлөмү 6000 кубометр болгон суу кампанын курулушуна капсула салынды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Оштун Жапалак аймагын таза суу менен камсыздоо максатында суу кампасы курула баштады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

16-августта Ош шаарында көлөмү 6000 кубометр болгон суу кампанын курулушуна капсула салынды.

Капсула салуу аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жана Жапалак айылынын тургундары катышты.

Арыктан ичип... Кыргызстанда таптакыр таза суусу жок отурган айылдар. Тизме
Суу кампа Жапалак айылдык аймагын таза суу менен камсыздоо максатында курулууда. Каражат республикалык бюджеттен каралган. Тендердин баасы 42 миллион 496 миң 256 сомду түздү.

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов чынында эле Ош шаарында жамгыр жааганда эле суу токтоп каларын белгилеп, аны чечүүнүн аракеттери көрүлүп жатканына токтолду.

Ош шаарында жаан жааган сайын ичүүчү суунун токтошуна ачык асман алдындагы таза суу кампасынын абалы себеп болуп келет. Адистер бул маселени жабык кампа куруу аркылуу гана чечүү мүмкүн экенин айтышууда.