Ондогон өлкөдөн келген велоспортчулар Кыргызстанды кыдырат

Катышуучулар жалпы тоо-ташты аралап 1705 чакырымды басып өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстанда ондогон өлкөдөн чогулган велоспортчулар ат салышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бишкекте спорттук-реабилитациялык борбор түзүлдү
Маалыматка ылайык, Silk Road Mountain Race 2019 аталышындагы мелдеш 17-август күнү эртең менен Бишкек шаарында башталды. Ага дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн 148 спортчу келди.

Спортчулар өз сапарын борбор калаадан баштап Суусамыр жайлоосу аркылуу Нарын облусундагы Соң-Көл, Кол-Суу көлдөрүнө жетишет. Андан соң Ысык-Көл облусунун тескей жээги аркылуу Чолпон-Ата шаарына барышат.

Катышуучулар жалпы тоо-ташты аралап 1705 чакырымды басып өтмөкчү.