Башаламандык болбойт! ИИМ элдин тынчын алган билдирүүлөргө жооп берди

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. WhatsApp мессенджеринде жана социалдык тармакта башаламандык даярдалып жатат деген билдирүүлөрдү тараткандар изделип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

ИИМ мындай билдирүүлөрдү абалды атайылап курчутуп, элдин тынчын алуу аракети деп баалай турганын айтууда.

"Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу, тынчсызданууга эч кандай себеп жок. Укук коргоо органдары коомдук тартипти дыкат көзөмөлдөп жатат. Билип туруп жалган маалымат тараткандар өлкө мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эске салабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Чагымчыл маалыматтар тууралуу тартип сакчыларына 102 номери аркылуу кабарлоо сунушталды.