Тирүүлөй өрттөмөк болгондо Бишкекке качкам. Афгандык жигиттин ымандай сыры

Он эки жыл мурун Рафи мекендештеринин жаалданган тобунан аман калган… Жаш доктур Кыргызстандан башпаанек тапкан.
Sputnik

Мохаммад Рафи Шафажо азыр 31 жашта. Бишкекке 2006-жылы келген, себеби Кабулдагы өзү ачкан пиццаканада аны тирүүлөй өрттөп коё жаздашкан. Ушул тапта Рафи врачтык кесипти аркалайт, жай турмушка көндү, бирок Афганистандагы башына түшкөн мүшкүл дале ошол күнкүдөй эсинде.

— Өткөндө эле Афганистан ислам республикасындагы сабаттуулук көрсөткүчтөрүн окуп калдым: аялдардын 76 пайызы окуп, жаза албайт экен! Кандайча?

— Жыл сайын Афганистанда мектеп курулат, аны "Талибандын" согушкерлери жардырып коюшу мүмкүн. Алардын оюна койсо, өлкөдө медреселер гана болушу керек. Андай жайда балдарга Куран окутулат, бирок окуп жана жазуу үйрөтүлбөйт.

Мен сегиз мектеп алмаштырып окудум. Бир жолу сабакта отурганыбызда жардыруу болду. Коңшу класста бомба жарылып, бардык окуучулар набыт болушкан. Мугалим эже: "Балдар, үйүңөргө баргыла. Бүгүн сабак болбойт", – деп ыйлаганы эсимде.

Дептерибиз да жок, цементтин каптарын алып, ошого жазганды, эсептегенди үйрөнгөнбүз. Куйкалаган күндөн айрым балдар эстен танчу. Аларга суу чачып, үйлөрүнө жөнөтүп коюп, калганыбыз окууну улантчубуз. Багым бар экен, француз мектебине туш болдум. Мындай мүмкүнчүлүк адамга бир келет эмеспи, анан калса, үйгө да жакын эле. Колдон чыгарбадым.

— Афганистанда жигиттер кыздар менен кантип таанышат?

Афган трагедиясы: согуштун келип чыгуу себептери жана кесепети
— Жолугушууга эч ким барбайт. Төрт байкем бар, баарына колуктуну апам тапкан. Кыздарды тандап, сүрөттөрүн көрсөткөн. Болочок жубайларын алар үйлөнөр күнү гана көрүшкөн. Афганистанда жигиттер үчүн үй-бүлө күтүү өтө сыймыктуу. Калың төлөп, аялын багуу үчүн Дубайда беш жылдап иштеп келишет. Бир нече аял алууга болот, бирок бул өзүнө эле өтө кымбат түшөт.

Кээде чириген бай афгандыктар кыздын ата-энесине 50 миң долларга чейин калың төлөп, аял сатып алышат. Айрыкча, ак жуумал кыздар бааланат. Көп кыздар байларга башын байлоодон качат, себеби андай күйөөлөр көбүнесе улгайып калгандар болот. Өз өмүрүн кыйган кыздар да бар.

Афгандык кыздардын басымдуу бөлүгү 25 жашка чейин турмушка узашат. Көпчүлүк эркектер билимдүү кыздарга баш кошууну каалашат. Мисалы, менин карындашым — доктур, ата-энемден анын колун күндө эки маал сурап келишет! Негизи Афганистанда врач эң сыйлуу кесип.

Бизде негизинен аялдардын саны аз, эркектер көп. Бишкекке келгенимде кыздардын иштеп же көчөдө ээн-эркин сейилдегени өөн учурап, ишене алган эмесмин. Досторума көрсөтөйүн деп маршруткада баратканымда бир жолу досторума видео менен чалгам, салондо эркектен айдоочу экөөбүз, калганы жалаң айымдар отурушкан эле. Алар ишенбей, таңгала: "Сен бейиште жашап жатасыңбы?" – деп сурашкан.

Тирүүлөй өрттөмөк болгондо Бишкекке качкам. Афгандык жигиттин ымандай сыры

— Эгер мен Кыргызстандагы кыздардын кадыресе кийимин кийип Кабулдун көчөлөрүн араласам эмне болот?

— Сизди сабап салышат же ала качышат. Кандай болгон күндө деле сойку деп эсептешет. Аял кишилердин баары жамынууга тийиш.

Эркектер улуттук кийим кийип, сакал өстүрүшөт. Антпесе алардын башына да жаман иш келет. Жинсы кийип, сакалы жок барып талибдерге кабылсам, менин башымды алышат.

— Кабулда эл канча табат?

— Орточо 150-200 доллар. Мамлекеттик мекемеде же жеке ишканада иштөөгө болот, маяна 300 доллардан ашпайт. Эл аралык уюмдардагы котормочулар эки эсе көп табышат. Коррупциялык чийимдер аркылуу да байыгандар жок эмес.

— Аялдар ишке орношо алабы?

— Ооба, бирок адатта алардын билими жок. Байкем завод иштетет, анда күйөөгө чыга элек кыздар эмгектенет. Кафелерде да иштешет. Үйлөнүү тойлордо аялдар эркектерден өзүнчө бөлүнүп отурушат, ошондуктан үлпөттү тасмага түшүргөн же тамак сунган аялдар да зарыл болот.

— Кабулда жашоо кымбатпы?

— Кымбат эле. Бир бөлмөлүү батир 60 миң доллар, үй 300 миң доллар турат. Себеби баары борбордук райондордо жашагысы келет, анткени жакшы кайтарылат. Шаардын чет жакасында кечки саат сегизден кийин көчөгө чыгуу кооптуу. Менин бир досумду уюлдук телефон үчүн атып кетишкен, ууруларга бергиси келбептир. Бишкекте назик кыз колуна телефон алып сейилдей алса, Афганистанда мындайды көрбөйсүң. Көбү балдарын мектепке жансакчы менен жиберет, антпесе баланы уурдап кетип, анан кун төлөп куткарууга аргасыз болушат.

Азык-түлүк Бишкекке караганда арзаныраак, бирок көмүр менен отун эки эсе кымбат. Борбордук жылытуу тутуму шаарда жок, электр дагы суткасына эки гана саатка берилет. Анан да Кабулда кыш катаал.

Тирүүлөй өрттөмөк болгондо Бишкекке качкам. Афгандык жигиттин ымандай сыры

— Эмнеге Кыргызстанга көчүп келдиңиз?

— Баары капыстан болду. Франциядан келген мугалимим пицца эмне экенин айтып берген, анан байкелерим менен Кабулда пиццакана ачууга кириштик. Курамын, албетте, эч бирибиз билбейбиз, алгачкы пиццаларды көмөчказанда бышырдык. Ошентсе да кафебиздин аты чыга баштады. Айрыкча жаштар көп келчү болду, пицца жеш аларга каадалуу көрүнүш катары саналчу. Эки жылдан кийин Пакистандан жабдыктарды сатып алып, толук кандуу ресторан иштете баштадык.

Анан толкундоолор башталды, афгандыктар америкалыктарга каршы чыкты. Көптөгөн адамдар митингге чыгышчу болду. Менин рестораным парламентке жакын болчу, анан митингчилер америкалыктардын жайы деп ойлоп алышат, себеби чет элдиктер көп келишчү. Ресторанга алар от коюшканда мен экинчи кабатта болчумун. Ок атылды. Анан короодогу суу толтурулган чоң идишке секирдим.

Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз элем, бир жолдош балам Кыргызстанга барууга кеңеш берди. Чынын айтсам, өлкөңүздөр тууралуу эч кабарым жок эле, Түркиянын бир району деп ойлопмун... Кийим-кечемди салыштырууга бир нече гана саатым бар эле.

— Бишкекке келгенде сизди таң калтырган эмне болду?

Абдыгул Чотбаев: Афганистан дагы эле түшүмө кирет …
— Ак үйгө таң калдым: жанында жайнаган жоокер жок, тегерегинде эркин сейилдей аласың. Башта терактылардын жоктугуна да көнө албагансып жүрдүм. Кабулда көп болот.

Бир-эки терактыга өзүм күбө болгом. Көчөдө баратып, жолдун ортосунда турган 17 жашар уланды көргөм. Эмнеге турганын сурасам, "жолуңду улай бер" деп бурк этти. Жолдун башынан америкалык танкалар көрүнгөндө жанагы бала ошол тарапка чуркап барып, өзүн жардырды.

— Афганистандан экениңизди укканда кыргызстандыктар кандай кабылдашат?

— Баары мени наркоман деп ойлошот, болбосо, менин тамекиге да аллергиям бар! Бишкекке келип, борбор жактан батир ижарага алсам, бир жолу мага милиционерлер келди. Аларга чай бердим, анан мени бөлүмгө алпарышты. Ошондон кийин батириме гашиш ыргытып, тинтүүгө алышты. Окууга төлөй турган акчамды аларга карматууга туура келген, аягында алардын бири мени сабап да салган... Бирок кимге арыздана аласың?

— Кыргызстанда врачтын дипломун алыпсыз, Афганистанда мындай адистерге талап күч....

— Ооба, доктурлар бизде жетишсиз. Мисалы, памирлик кыргыздардын арасында бир досум бар, алардын жакыр жашоо кечиреринен да кабарым бар. Аларга дары-дармек салынган баштык менен айына бир жолу гана медик барат.

Памирликтердин арасында иштемекмин. Аялым да жардамдашмак, анын кесиби — тиш доктур. Бирок Афганистанда жашаш ал үчүн кооптуу.

Тирүүлөй өрттөмөк болгондо Бишкекке качкам. Афгандык жигиттин ымандай сыры

— Жубайыңыз кыргызстандык кыз тура. Кантип таанышып калдыңыздар?

— Тааныш америкалык киши мени Хеллоуинди майрамдоого чакырган. Эмне майрам экенин деле билбей, торт жейм да деп баргам... Чогулгандардын арасында француз тилин үйрөнгүсү келгенин айткан бир кыз бар эле. Ошондо ага: "Сиз мага орусча үйрөтүңүз, мен сизге французча үйрөтөйүн", — деп сунуштадым.

Бир аптадан соң анын колун сурадым. ЗАГСта бир кызык болдук, аябай толкунданып, колуктумдун атын унутуп калдым. Снежанна деген ысым биз үчүн айтылышы абдан татаал дагы ат. ЗАГС кызматкери: "Жарандык үчүн гана үйлөнүп жатасызбы?" – деп сурады менден. Күлүп жибердим... Он жыл болду баш кошконубузга.

Баса, менин качкын макамым бар. 11 жылдан бери БУУнун тагдырымды чечишин күтүп келем, алигүнчө эч нерсе айкын эмес.

— Карапайым афгандыктар өлкөңүздөгү окуяларга кандай карайт?

Беттери жок калгыча атылган төрт кишини бир унаадан тапканбыз. Аскердин маеги
— Согуштан чарчашты. Карапайым калк окуп, иштеп, жай жашагысы келет. Ушундай күнгө кабылганыбызга биздин айыбыбыз жок. Революциялар болгон го сиздерде, бир күн коркунуч менен жашоо эмне экенин билесиздер. Ал эми менин өлкөмдө дайым ошондой күн кечиришет. Элестетиңиз, эркек кишинин үй-бүлөсү, балдары бар, бирок акчасы жок. Тек гана жолу — колуна Калашников автоматын көтөрө айына 250 доллар берилген армияга барып кызмат кылуу, же андан эки эсе көп төлөгөн талибдерге кошулуу. Эми Ислам мамлекети да чыкты, анда 600-700 доллар төлөшөт... Адамдар террорчуларга дин ишениминен улам эмес, үй-бүлөсүн багуу үчүн гана аралашууда.

Афганистандагы согуштун ирмемдерине да көз жүгүртүп коюңуздар.