Билими, ишмердүүлүгү
Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алган. Ошол эле медициналык академиянын гигиеналык дисциплина кафедрасынын доценти аталган. Ал эми 2016-жылы медицина илимдеринин доктору болгон. 2018-жылы Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун токтому менен профессор илимий наамы ыйгарылган.
Атамбаеванын илимий-педагогикалык стажы 26 жылды түзөт. 87 илимий эмгеги, анын ичинде 75 макала, бир монография, гриф менен жазылган окуу китеби, 5 окуу-методикалык сунуш жана 17 илимий макаласы жарык көргөн.
Маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.