Раиса Атамбаева уулу менен УКМКга келди. Сүрөт

Бүгүн Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева уулу Кадыр Атамбаев менен УКМКнын имаратынын алдына келди. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин баш коргоо чарасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде каралат. Бул тууралуу анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди. Буга чейин президенттин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда карала турганы айтылган болчу.

Атамбаев эки күнгө созулган атайын операциядан кийин 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн багынып берген. УКМКга алып келинген Атамбаевди Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакта калтырган. Мурунку президентке жалпысынан 14 айып тагылууда.