Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын январь-июнь айларында 22 миң 574 түгөй баш кошкон. Үйлөнүү тойлорунун көпчүлүгү Ош, Жалал-Абад облусу менен Бишкек шаарында катталган.
Ошол эле маалда бул убакыт аралыгында 5 495 жуп өз никесин сактай албай калган. Ажырашуу боюнча Бишкек шаарындагылар эч кимди алдыга салдырбайт. Борбор калаада жыл башынан бери 1 113 үй-бүлө ыдыраган. Кийинки орунда Чүй жана Жалал-Абад облусу турат.
Баса, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын калкы канчага көбөйгөнүн да билип алыңыз.