Москвада дарыланып жаткан Самат Курманкуловдун абалы айтылды

Курманкуловду Москвага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп барган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо дарыланып жаткан Чүй ОИИББдин мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган аскерлердин абалы айтылды
Эске сала кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башынан оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.

Маалыматта Курманкуловду саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп барганы айтылат.

"Самат Курманкуловго кошумча изилдөөлөр жана анализдер жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы менен дарылануусу улантылат. Бүгүнкү күнү анын абалы оор бойдон калууда. Тез арада айыгып кетишине үмүт артабыз", — деген Каратаев.

Мындан сырткары, маалыматта Курманкуловдун дарылануусун мамлекет толугу менен каржылай турганы белгиленген.