Валентина Шевченко UFC рейтингинде Конор Макгрегорду артта калтырды

Шевченко UFC уюмунун мыкты 15 мушкеринин катарына ушул жылдын март айында кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка көтөрүлдү. Тизме узаган жумада өткөн Уругвайдагы UFC Fight Night 156 турниринен кийин жаңыланган.

Аталган мелдеште Шевченко америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен утуп, чемпиондук наамын экинчи ирет коргоп калган. Натыйжада мыкты мушкерлердин тизмесинде 12-орунга көтөрүлүп, айтылуу мушкер Конор Макгрегорду бир тепкичке артта калтырган.

Валентина Шевченко Лиз Кармушту жеңгени үчүн канча акы алганы маалым болду
Кыргызстандык спортчу UFC уюмунун мыкты 15 мушкеринин катарына ушул жылдын март айында кирген. Алгач 15-орунга, андан соң 13-орунда болуп келген.

Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле учурдагы чемпион Даниэл Кормье турат. Экинчи орунда дагы бир америкалык спортчу Жон Жонс, үчүнчү сапта россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бар. Ал эми Шевченконун мурдагы атаандашы Аманда Нуньес бешинчи орундан алтынчыга түшүп калган.