Сары-Челек коругунда иштегендер ашар жолу менен жолун оңдошту. Сүрөт

Учурда ремонт иштери толугу менен бүттү.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Сары-Челек коругунун кызматкерлери өз каражатына ашар жолу менен жол оңдошту. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, корук кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы Аркыт айылынын ичиндеги үч чакырым жолду жана Сары-Челек көлүнө алып барган 15 чакырым жолду ашар жолу менен оңдошкон.

"Жол түздөлүп, шагыл себилди. Учурда ремонт иштери толугу менен бүттү. Мындан тышкары, "Сары-Челек" жаратылыш паркынын жетекчилигинин демилгеси менен Аркыт жана Кызыл-Туу айылдарынын 300дөй тургуну бекер медициналык текшерүүдөн өтүштү", — деп жазылат маалыматта.

Сары-Челек биосфералык коругу — Чаткал, Ат-Ойнок кырка тоосунда жайгашкан.

Ысык-Көлдөгү жолду оңдоого кеткен чыгым 2 млрд. сомго өстү
Коруктун негизги милдети — уникалдуу жаңгак токой комплексин, кооз көлдүн тегерегиндеги кайталангыс ландшафтты сактоо жана изилдөө.

2016-жылы 17-июлда Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Аянты 23,8 миң чарчы метр, анын ичинен көлдүн аянты 492 чарчы метрди түзөт. Коруктан миңге чукул өсүмдүктөрдүн, 40тан ашуун жаныбардын, 150дөн ашык канаттуунун түрлөрүн кезиктирүүгө болот. Ири жаныбарлардын арасынан илбирс, бугу, карышкыр, түлкү, аюу, кашкулак аталган аймакты байырлайт.