Радио

Кадырбеков: адамдын ийгиликке жетүүсү үчүн бир гана тоскоолдугу бар

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков мүмкүнчүлүктөр жана адамдын эрки тууралуу кеп козгоду.
Sputnik
Кадырбеков: адамдын ийгиликке жетүүсү үчүн бир гана тоскоолдугу бар

Адамдын эң чоң тоскоолдугу — анын ички жалкоолугу. Дэвид Рокфеллер биринчи окуу, андан кийин тартип, андан соң тынымсыз эмгек гана ийгиликке жеткирет деп айткан. Мен бул пикирге кошулам. Бул тууралуу Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам өзүн-өзү жеңип, кереги жок нерселерден тыйылып, пайдалууга умтулууну адатка айлантканда гана ийгиликти багындыра алат.

"Адам качан гана ички напсисин башкара алганда чоң-чоң жетишкендиктерди багындырат. Тилекке каршы, учурда азгыруучу факторлор көп. Ошол эле интернеттен пайдалуу маалымат алуунун ордуна соцтармактарга кирип, керексиз видеолорду көрүү менен убактыбызды өткөрүп жатабыз. Болбосо акысыз көрсөтүлгөн ондогон телеканалдар да бизди чыныгы билим булагы болгон китептен алыстатууда. Андыктан мындай нерселерден баш тартып, өз өмүрүн туура пайдалана билген адам гана мейли ал саясатта, мейли спортто, кайсы гана тармакта болбосун, ийгиликке жете алат", — деди Кадырбеков.

Ал ошондой эле адам бири-бири менен маңдай-тескей отуруп баарлашуу аркылуу да дүйнө таанымын жогорулатарын кошумчалады.