Ханзаада Гарринин достору Меган Маркл менен дасторконго отуруудан баш тартышты

Ханзааданын достору герцогинянын "америкалык адаттарын" жактырбай келишет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ханзаада Гарринин достору анын жубайы Меган Марклды үйлөрүнө конокко чакыруудан баш тартышты. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия жазды.

Нагыз британиялыктар, айрыкча аристократтар салт-санаага өзгөчө маани берип, этикет эрежелерин бекем сактап келишет.

Куда түшсөкпү... Ханзаада менен ханбийкелердин арасындагы бойдоктор
Британиялыктардын кеңири жайылган үрп-адаттарынын бири — кечки тамакка конок катары чакырылган жубайларды өз-өзүнчө отургузуу. Бул нерсе аристократтарга башка адамдар менен кеп курууга шарт түзөт. Бирок Меган Маркл мындай этикетти сактоодон баш тарткан. Буга байланыштуу ханзаада Гарринин достору анын жубайы менен бир дасторкондо чай ичпей тургандыктарын билдиришкен. Алар герцогинянын "америкалык адаттарын" жактырбай келишет.