Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-жылдын январь айынан июль айына чейин Кыргызстанда жалпы жонунан 83 278 ымыркай төрөлгөн. Бул 2018-жылдын алты айына салыштырмалуу 2121 балага көп дегенди түшүндүрөт. Былтыр ушул маалда 81 157 ымыркай жарык дүйнөгө келген.
Төрөт арбын болгон аймактардын сап башында Ош, Жалал-Абад облустары менен Бишкек шаары турат. Ал эми Нарын менен Талас өрөөнү тизменин аягында.
Ошондой эле жыл башынан бери бир жашка чейинки 1 249 чүрпө чарчап калса, ар кайсы курактагы 15 038 киши каза болгон.
Жыйынтыгында жалпы алты ай ичинде калктын саны 66 миң 991 адамга өстү.