Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр

Аэропорт 1979-жылы салынып, 25 жыл иштеген. 2004-жылдан бери кызмат көрсөтпөй калган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Аймактардагы аэропорттордун ишинин жанданышы биримдикти бекемдеп, туризм тармагынын өнүгүшүнө негиз болот. Өкмөт буга болгон күч-аракетин жумшоодо. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аксы районунун Кербен шаарындагы аэропорттун жаңы имараты менен таанышуу маалында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Учурда биздин жарандарыбыз барчу жерине учак менен жетүүнү артык көрөт. Анткени алар тез жана ыңгайлуу шартта жетет", — деди ал.

"Кербен" аэропорту 1979-жылы салынып, 25 жыл иштеген. Аба майдан 2004-жылдан бери кызмат көрсөтпөй калган.

ШКУ саммитине карата "Манас" аэропорту оңдолуп, жаңы эмерек алынды
2018-2019-жылдары аэропорт 10 миллион сомго оңдоп-түзөлдү. Тагыраак айтканда, аэробекет, учуп-конуучу тилке оңдолду. Учурда аба майдан учактарды кабыл алууга даяр.

Андан соң өкмөт башчы Кербен шаарынын оңдолуп жаткан ички жолдору менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматына караганда, Кербен шаарынын 13 чакырым ички жолун оңдоого республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Учурда анын 8 чакырымында ремонт иштери бүттү.