Чүйдө үч тонна кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Сүрөт

14-августта "Кара куурай" аттуу алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районунда милиция кызматкерлери жергиликтүү айыл өкмөттөрү менен чогуу 3,5 гектар жерде өскөн кара куурайды жок кылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдү жок кылуу үчүн 14-августта "Кара куурай" аттуу алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

3,5 гектар жерге өскөн жапайы кара куурайды чалгы менен чаап, андан кийин чогултуп болжол менен 3,6 тонна чөп өрттөлгөн.