Бишкекте жер тамдан өрт чыкты. Видео

Өрт 15-августта саат 9:30дар чамасында Кайназарова менен Жамгырчинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн чыккан.
Sputnik

Кырсыктын видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине жөнөттү.

"Өрт чыкканда үйдүн шифери чатырап сынды. Менин үйүм өрт чыккан үйдөн 3 метр эле ары турат. Жалын биздин үйдү да жалмайт экен деп жүрөгүм түштү. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок", — деди ал.

Окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчү унаа иштегенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.