Ак-Суудагы ооруканада өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өттү. Сүрөттөр

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өрт коопсуздугу боюнча ооруканада машыгуу өттү.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 15-авг. — Sputnik. Ак-Суу районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Теплоключенка айылындагы райондук медициналык борборунун балдар бөлүмүндө тактикалык машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Машыгуу учурунда медициналык кызматкерлер менен бейтаптарды коопсуз жерге көчүрүү, ошондой эле өрт учурунда жапа чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү жана өрт өчүрүү көнүгүүлөрү аткарылды.

Машыгууга жалпысынан 65 медициналык кызматкер, райондук өрт коопсуздугу бөлүмүнүн 18 кызматкери жана санэпидем бөлүмүнөн 11 адам катышты.