УКМК Токмок шаарынын прокурорунун жардамчысын кармады

Прокурордун жардамчысын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Токмок шаардык прокурордун жардамчысы кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аны бүгүн, 14-августта, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөнү айтылат.

Толугураак маалымат кийинчерээк берилери убадаланды.