Радио

Керималиев: оруп-жыйноо иштеринин 70 пайызы аяктап калды

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Керималиев оруп-жыйноо иштери 65-70 пайызга бүтүп калганын айтты.
Sputnik
Керималиев: оруп-жыйноо иштеринин 70 пайызы аяктап калды

Айыл чарба тармагында бул жылы кылкандуу дан эгиндерине көбүрөөк басым жасалды. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оруп-жыйноо иштери пландалган графиктен эрте бүтүп жатат.

"Бүгүнкү күндө оруп-жыйноо иштеринин 65-70 пайызы аяктап калды. Бул жылы жазгы талаа иштери да 15 күнгө эрте башталгандыктан, жыйноо иштери белгиленген графиктен эрте аяктап жатат. Региондогу дыйкандар кызуу иштөөдө. Аймактардын көпчүлүгү оруп-жыйноо иштерин бүтүрдү. Нарын облусу менен Суусамырда гана 1-октярга чейин уланышы мүмкүн. Быйылкы жылды кылкандуу дан эгиндер жылы деп атасак болот. Анткени быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу аталган эгин көбүрөөк себилип, учурда түшүм жыйноо кызуу жүрүүдө", — деди Керималиев.

Ал ушул тапта 441 миң тонна буудай жыйналганын кошумчалады.