Онкологиялык илдетке чалдыккандар пенсияны мөөнөтүнөн мурда ала алат

Кыргызстандын өкмөтү оор делген кеселдердин тизмесин түзмөй болду.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Залалдуу шишик илдетине чалдыккан, өмүрүнө коркунуч жараткан дартка кабылган Кыргызстандын жарандары пенсиянын топтолмо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда ала алат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, өкмөттүн тийиштүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Буга ылайык, Кыргызстандын өкмөтү оор делген илдеттердин тизмесин түзмөй болду. Ага биринчи кезекте онкологиялык оорулар кирет.