Окумуштуулар күндүзгү уйкунун кесепетин атады

Окумуштуулар уйку дефицитине кабылган 119 кишинин маалыматтарын изилдеп чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Күндүз уйкуга батуу деменциянын (мээнин айнышы — ред.) өрчүп кетүү коркунучу бар экенинен кабар берет. Бул тууралуу Science Translational Medicine журналына жарыяланган америкалык окумуштуулардын изилдөөсүндө айтылат.

Окумуштуулар эртең менен баш жазуу кооптуу экенин аныкташты
Адистер терең фазадагы уйку дефицитине кабылган 60 жаштан жогорку курактагы 119 кишинин маалыматтарын изилдеп чыгышкан. Алардын мээ толкунуна байкоо салуу үчүн электроэнцефалографиялык көчмө мониторлорду колдонушкан.

Натыйжада бейтаптарда мээдеги нейрондорду талкалаган тау-белогу жогору экени аныкталган. Мындай терс эффектинин жаралышына түнкүсүн адамдардын терең фазадагы уйкуга бата албагандыгы жана күндүзгү уйкуга берилгендиги себеп болгон.