Көл жээгинде эл аралык мода фестивалы өтөт. Кимдер катышат?

Иш-чарага чет элдик  дизайнерлер келет.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө эл аралык мода фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Бишкекте кытай сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү өтөт
Билдирүүгө ылайык, "Көчмөндөр модасы. Ысык-Көл 2019" аталышындагы иш-чара 20-21-август күндөрү Бостери айылындагы Dordoi Nomad амфитеатрында өтөт. Ага Россия, Кытай, Азербайжан, Кипр, Буратия, Монголия, Якутия, Калмыкия, Корея, Индия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандан дизайнерлер чогулат.

Фестивалда ар кыл улуттун кийим-кечеси көрсөтүлүп, иш-чара ыр-күү менен жыйынтыкталат.