Бишкектин батыш тарабынан уюлгуган кара түтүн чыгып жатат. Видео

Видеодон жерине бир өрт өчүрүү унаасы бара жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкектин батыш бөлүгүн кара түтүн каптаган видеону күбө жиберди. Уюлгуган түтүндү борбор калаанын чок ортосунан дагы көрүүгө болот.

ӨКМдин маалыматына караганда, Биринчи Май районундагы Якутск көчөсүндө жайгашкан көрүстөндүн аймагындагы куураган чөп күйгөн. Кырсык тууралуу маалымат саат 15:55те түшүп, жерине үч бөлүм тартылды.