Алмазбек Атамбаевге дагы эки айып тагылды

Адвокаттын айтымында, Атамбаев айып боюнча билдирүү катына кол койгон эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевге дагы эки айып такты. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, иш ТЭЦти модернизациялоо менен "Форум" имаратына байланыштуу.

"Атамбаев өз укугун колдонуу менен айып боюнча билдирүү катына кол койгон эмес", — деди Слесарев.

Эске салсак, ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Шектүү катары мурдагы эки премьер-министр — Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев жана башкалар кармалган.

Атамбаевдин камерадагы шарты менен абалы айтылды
Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Айрым автоунаалар өрттөлүп, кээ бирлерин таш менен талкалашкан. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Андан соң "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн адам чогулуп, массалык башаламандык уюштурган. Аларды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп тараткан.