БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев маалымат жыйын учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев анын үйүнө жасалган чабуулга кандай даярдык көргөнүн айтып берди.
УКМК жетекчиси белгилегендей, биринчи күнкү чабуулга "Альфанын" 57 кызматкери, беш ыкчам кызматтын өкүлү жана үч башкармалыктын жетекчилери катышкан.
"Атамбаев үйүн бункерге айландырып алган. Ал ошондой эле миңден ашуун ок, тапанча, мылтык даярдаган. Менин балдарым курал колдонгон жок. Мындан улам жашоочулар менен Атамбаевдин тарапташтары жабыркаган факты катталган эмес. Спецназдарды сабашты, ок чыгарышты, бирок менин балдарым ок менен жооп берген жок. Буйругумду аткарышты. Бул баатырдык кадам! Менин эң мыкты кызматкерлеримдин бири каза тапты, анын өмүрүн сактап кала албаганыма өкүнүп жатам", — деди Опумбаев.
Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.