Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы тууралуу айтып беришүүдө.
Белгилей кетсек, 7-августта атайын кызматтын аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок андан майнап чыккан эмес. Ок атылып, натыйжада атайын даярдыктагы бир аскер каза болгон. 8-августта болсо күч түзүмдөрү мурдагы президенттин үйүнө кирип келип, аны кармап алып кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши ар кандай жаракаттарды алган.