Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча дүйнөлүк олимпиададан коло алышты

Информатика боюнча дүйнөлүк олимпиада 1989-жылдан бери өткөрүлүп, эң маанилүү мелдештердин бири болуп саналат. Быйыл ага 88 мамлекеттен 360тан ашык окуучу катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар Баку шаарында өткөн информатика боюнча 31-ирет өтүп жаткан дүйнөлүк олимпиададан коло байге утушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандан төрт окуучу бир команда болуп катышкан. Алар: Өмүрбек Жамалов (Ысык-Көлдөгү К.Карасаев атындагы лицей), Талант Жеңишбек уулу (Кадамжайдагы "Семетей" лицейи, Шабдан Батыркулов (Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицей) жана Мирбек Бакиров (Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицей).

Ошто ачылчу МГУнун филиалында окуй тургандардан акы алынбайт
Мелдештин шарты боюнча ар бир катышуучу беш сааттан эки жолу турга катышат. Алар үч тапшырма аткарып, уюштуруучулар тарабынан коюлган программаны жазышы керек.

Информатика боюнча дүйнөлүк олимпиада 1989-жылдан бери өткөрүлүп, эң маанилүү мелдештердин бири болуп саналат. Быйыл ага 88 мамлекеттен 360тан ашык окуучу катышкан.