Курсан Асановдун кызматтан алынышынын себептери айтылды

Премьер-министрдин буйругу бүгүн чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Ички териштирүү кызматы тарабынан министрдин орун басары Курсан Асановдун 7-8-августта Кой-Ташта болгон башаламандыкка жол берилгендигине тийиштиги боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

"Ички тергөөнүн натыйжасында, Асанов кыргыз милициясынын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылганы жана ишенимден кеткендиги үчүн министрдин орун басары кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөөнүн жыйынтыктарына юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.