Курсан Асанов кызматынан алынды

Милициянын генерал-майорун иштен бошотуу боюнча премьер-министрдин буйругу чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызматынан алынды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Курсан Асановдун кызматтан алынышынын себептери айтылды
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Асанов 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда аны менен сүйлөшүү жүргүзгөн болчу.

Курсан Асанов 2011-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп келген. Асановдун милициянын генерал-майору аскердик наамы бар. Үч кыз, бир уулдун атасы.