Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевден акча алып жатат деген видео боюнча үн катты

Социалдык тармактарда Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден акча, зер буюмдар жана маанилүү документтер салынган пакетти алып жатат делген видео тарады.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Курсан Асанов аны Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевден акча алды деген айыптоолор боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, алардын бардыгын четке какты.

13-августта кызматтан алынган ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү үчүн аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учуру видеого тартылган

Бүгүн, 13-августта, социалдык тармактарда Асанов Атамбаевден акча, зер буюмдар жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат делген видео тарады.

"Андай эч нерсе болгон эмес", — деди ал.

Курсан Асанов кызматтан алынышы боюнча өзүнүн пикирин билдирип, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгонун айткан.