УКМК башчысы: Атамбаев кан төгүү менен төңкөрүш жасамак болгон

Опумбаев Атамбаев тарапташтарына 1000-3000 сомдон берип турганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев бийликти күч менен басып, мамлекеттик төңкөрүш жасоону пландап жаткан. Бул туурасында УКМК башчысы Орозбек Опумбаев билдирди.

Учурда Кой-Таштагы окуя боюнча УКМК башчысы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ИИМ башчысы Кашкарбек Жунушалиев маалымат жыйын өткөрүүдө.

"Атамбаевге кан төгүш керек болгон. Мунун арты менен ал мамлекеттик төңкөрүш жасоону каалаган. Мен муну расмий түрдө билдирем. Ал үйүнө келген адамдарга 1000-3000 сомдон берип турган", — деди Опумбаев.

Башкы прокурор: Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды
Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Спецназдын алты аскери 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.