БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди эч ким атпаганын билдирди.
Белгилей кетсек, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясында Сегизбаевдин жаракат алганы айтылган.
Маалымат жыйын учурунда Опумбаевге "Жөнөкөй жарандар да оор жаракат алдыбы?" деген суроо берилген.
"Аны эч ким аткан жок. Качып баратып жөн эле буту бир жерге урунуп көгөрүп калышы мүмкүн. Ал өзүн жарадар адамдай көрсөткүсү келип жатат", — деди Опумбаев.
Кой-Таштагы окуя боюнча УКМК башчысы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев маалымат жыйын өткөрүштү.
Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.