Токмокто эки тепловоз кагышып, бири рельстен чыгып кетти. Сүрөт

Учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Токмокто эки тепловоз кагышып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Токмокто эки тепловоз кагышып, бири рельстен чыгып кетти. Сүрөт

Окуя 12-август күнү саат 22.30дар чамасында болгон.

“Тепловоз айнек заводдон чыгып келе жатып, токтоп турган поездди кагып кеткен. Жүрүп бараткан локомотив рельстен чыгып, оодарылган”, - дешти ИИМден.

Жеринде милиция кызматкерлери менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.

“Кыргыз темир жолунун” жетекчисинин орун басары Руслан Кадыркулов кырсык болгонун ырастап, поездди койгон тепловоз айнек заводуна тийиштүү экенин айтты.